super.kg logo

Японияда куш тумоосунан улам 230 миң тоок жок кылынат

 

Япониянын түндүгүндөгү Аомори префектурасынын бийлиги куш тумоосунун очогу аныкталгандан кийин 230 миң тоокту жок кыла баштады. Бул тууралуу Kyodо агенттигине таянып эл аралык басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, жергиликтүү 32 канаттуулар фабрикасынын айланасында карантиндик зоналар түзүлдү.

Бийлик оор экономикалык кесепеттерге алып келе турган илдеттин андан ары жайылып кетишинен кооптонууда.

Мисалы, 2023-жылы канаттуулардын тумоосунан жапа чеккен тооктордун жапырт жок кылынышы Японияда жумуртканын баасынын кымбатташына алып келген. Ошол учурда Токионун кээ бир супермаркеттеринде бул азыкты сатып алууга чектөөлөр киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: