НАТО: "Испаниянын мүчөлүгүн токтотуу мүмкүн эмес"
НАТО альянсы Испаниянын мүчөлүгүн токтотуу же аны уюмдан чыгаруу мүмкүн эместигин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, альянстын уставында мүчөлүктү убактылуу токтотуу же өлкөнү чыгарып салуу тууралуу жобо каралган эмес. Бул тууралуу белгисиз булак британдык ЖМКга билдирген.
Буга чейин Reuters агенттиги АКШ Испаниянын Иранга каршы операцияга катышуудан баш тартканы үчүн анын мүчөлүгүн токтотуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын кабарлаган.
Ошентсе да, азыркы эрежелерге ылайык, мындай чечимди ишке ашыруу мүмкүн эмес экени белгиленди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















