super.kg logo

Габондо америкалык миллионерди пилдер тебелеп өлтүрдү

 

Габондо аңчылык учурунда АКШдан келген миллионер трагедиялуу түрдө каза болду. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы Collect Africa аттуу сафари уюштуруучу компанияга таянып жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 76 жаштагы Эрни Дозио аңчылык учурунда пилдердин үйүрүнө туш болуп калган. Жапайы жаныбарлардын капыстан кол салуусунан улам ал каза тапкан.

Каза болгон Дозио Калифорниядагы ишкер болуп, көп жылдан бери Африка жана Америка аймактарында аңчылык менен алектенип келген. Ал экзотикалык жаныбарлардын олжолорун чогултуп жүргөнү айтылат.

Окуя Габондогу борбордук аймакта болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: