super.kg logo

АКШ: Трамп күчөтүлгөн коргоого муктаж экендиги айтылды

 

АКШнын президенти Дональд Трамп күчөтүлгөн коопсуздук чараларына муктаж, анткени ал америкалык тарыхтагы эң көп кол салууга дуушар болгон саясий фигуралардын бири болуп эсептелет. Бул тууралуу АКШ Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсон биилдиргендигин чет элдик басылмалар жазышты.

Ал Трамп катышкан иш-чарада ишемби күнү болгон ок атуу окуясын комментарийлеп жатып, төмөнкүлөрдү айтты:

Ал тарыхтагы эң көп чабуулга кабылган саясий фигура. Ал абдан чыдамкай, бирок күчөтүлгөн коргоого муктаж. Бул ири иш-чараларда коопсуздукту камсыз кылуу ыкмаларын өтө кылдат кайра кароого алып келет”, - деди Жонсон Fox News телеканалына берген маегинде.

Ошондой эле ал Өкүлдөр палатасынын көзөмөл комитетинин төрагасы Жеймс Комер бул окуядан кийин АКШнын Жашыруун кызматынын ишмердүүлүгүн баалоо башталганын, коопсуздук системасындагы жакшыртылуучу аспекттерди аныктоо пландалып жатканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: