Трамп Иранды келишим түзүүгө шашылууга чакырды
АКШнын президенти Дональд Трамп Иран бийлигин келишим түзүүгө шашылууга чакырды. Бул тууралуу Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына жазган.
"Иран чечкиндүү кадамга келе албай жатат. Алар өзөктүк куралсыз келишимге кантип кол коюуну билишпейт. Тезирээк акылына келгени жакшы",- деп жазды АКШнын лидери.
Буга чейин Трамп Иран өзөктүк куралга ээ боло албастыгын бир нече жолу кайталаган. Иран бийлиги болсо алардын башкы максаты өзөктүк куралга ээ болуу эмес экенин билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















