Хаменеи: “Иран ядролук жана ракеталык жетишкендиктерин коргойт”
Иран өзүнүн ядролук жана ракеталык технологиялар жаатындагы жетишкендиктерин коргой турганын өлкөнүн жогорку лидери Али Хаменеи билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, өлкөнүн илимий-техникалык потенциалы - улуттук байлык. Бул катарга нано жана биотехнологиялардан тартып ядролук жана ракеталык технологияларга чейинки тармактар кирет.
Хаменеи белгилегендей, иран эли бул жетишкендиктерди өлкөнүн кургактагы, деңиздеги жана абадагы чек аралары сыяктуу эле коргоого даяр.
Бул маалымат Перс булуңунун күнүнө карата жасалган кайрылууда айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















