Иран: АКШ жана Израилден кайрадан чабуул болушу мүмкүн экенин четке какпайт
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Беларустун президенти Александр Лукашенко менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө АКШ жана Израил тараптан кайрадан аскердик чабуул болушу мүмкүн экенин жокко чыгарбасын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Иран тараптын маалыматына ылайык, сүйлөшүү иран тараптын демилгеси менен өткөн.
Пезешкиан белгилегендей, талаш маселелерди диалог жана дипломатия жолу менен чечүү ар дайым күн тартибинде болуп келген, бирок мурдагы сүйлөшүүлөр учурунда АКШ жана Израил Иранга эки жолу чабуул жасаган.
Ал мындай кырдаал Ирандын АКШга болгон ишениминин толугу менен жоголушуна алып келгенин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















