super.kg logo

АКШда мектепте бычак менен кол салуу болду

 

АКШнын Такома шаарындагы Генри Фосс башталгыч мектебинде бычак менен кол салуудан беш адам жаракат алды. Алардын төртөө окуучу, бирөө күзөтчү экенин CBS News полицияга шилтеме берип жазды.

Басылма белгилегендей, шектүү мектеп имаратынан колго түшкөн. Жабырлануучлар жана шектүү ооруканага жеткирилген. Жаракат алгандардын төртөөсүнүн абалы оор, бирөөнүкү жеңил экени айтылды.

Мектеп карантинге жабылып, окуучулар эвакуацияланып, ата-энелерине өткөрүлүп берилген. 1-майда сабактар жана класстан тышкаркы иш-чаралар жокко чыгарылды. Мектеп 4-майда кошумча психологдор жана колдоо кызматкерлери менен ишин баштайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: