Кытайда фейерверк чыгарган заводдогу жарылуудан каза болгондордун саны 26га жетти
Кытайдын борбордук бөлүгүндөгү Хунань провинциясындагы Чанша шаардык округуна караштуу Люян шаарындагы фейерверк чыгарган заводдо болгон жарылуудан каза болгондордун саны 26га жетти. Бул тууралуу Кытайдын Борбордук телевидениеси билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышты.
Буга чейин жергиликтүү өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы өзүнүн социалдык тармактагы расмий баракчаларында дүйшөмбү күнү саат 16:43тө заводдо жарылуу болгонун кабарлаган.
“Учурда жарылуунун кесепетинен 26 адам каза болуп, 61 адам жаракат алды”, - деп айтылат телеканалдын маалыматында.
Мурдараак 21 адам каза болуп, 61 адам жаракат алганы кабарланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















