АКШ Ирандан уран байытууга 20 жылдык мораторий киргизүүнү талап кылууда
The Wall Street Journal басылмасынын маалыматына ылайык, АКШ Иран бийлигинен уран байытууну 20 жылга токтотууну талап кылууда.
Маалыматта айтылгандай, Вашингтон Тегерандан бардык байытылган өзөктүк материалдарды өткөрүп берүүнү да суранган. Мындан тышкары АКШ Ирандагы Фордо, Натанз жана Исфахан шаарларындагы өзөктүк объектилерди демонтаждоону жана жер алдындагы иштерге тыюу салууну каалап жатат.
Ал эми Axios порталы Ак үй АКШ менен Иран жакын арада 14 пункттан турган меморандумга кол коюшу мүмкүн деп эсептеп жатканын жазды. Андан кийин Ирандын өзөктүк программасы боюнча 30 күндүк сүйлөшүүлөр башталышы күтүлүүдө.
Документте АКШнын санкцияларын алып салуу, Ормуз кысыгын ачуу, Ирандын массалык кыргын салуучу куралдарды жасоодон баш тартуусу жана уран байытууга кеминде 12 жылдык мораторий киргизүү каралган.
Ошондой эле америкалык жана израилдик аткаминерлер сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыкпаса, Дональд Трамп Иранга каршы операцияны кайра жандандырышы мүмкүн экенин билдиришкен.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















