super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 8-МАЙ: "Даңазалуу доор" түрк сериалында Мустафанын ролун жараткан актёр 51 жашта 

 

Бүгүн "Даңазалуу доор" сериалындагы Мустафа ханзаада ролу менен атактуу болгон түркиялык актёр жана модель Мехмет Гүнсүр 51 жашка толду.

Ал 1975-жылы 8-майда Стамбул шаарында жарык дүйнөгө келген. Ата-энеси мугалим болуп иштеген. Мехмет Гүнсүр Италиядагы лицейди аяктаган соң Мармара университетинин журналистика жана массалык коммуникация бөлүмүн аяктаган.

Мехмет Гүнсүр 7 жашында жарнамалык түрмөккө тартылып, экрандагы тушоосу кесилген. Ошондо эле кийимдер брендинин жүзү болгон. Өспүрүм кезинде музыкага кызыгып, түрктөрдүн "Dawn" (Агарган таң) аттуу тобунун солисти болуп жүргөн. Аны менен кошо ресторанда бармен болуп иштеп жүрүп, жеке ресторандык бизнесин түптөгөнгө да жетишкен.

Мехмет актёрлукка караганда моделдик бизнес менен көбүрөөк алектенет. Анткени анын жүзүн өзүнүн жарнамасында көргүсү келген компаниялар көп.

1989-жылы "Мимоза" тасмасына тартылган. Бирок атактуулукту "Түрк мончосу" (Турецкая баня) тасмасындагы ролу алып келген.

Актёр 2006-жылы италиялык Катерина Монжио аттуу даректүү фильмдердин режиссёруна үйлөнгөн. Түгөйлөрдүн ортосунда бир уул, эки кызы бар. 2010-жылдан бери түгөйлөр Италиянын борбору Римде жашайт.

2017-жылы "Кызыл Стамбул" ("Красный Стамбул"), "Фи, Чи, Пи" деген детектив тасмаларга тартылган.

Ал эми 2019-жылы "Дар" аттуу сериалда роль жараткан.

8-майга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: