Трамп Орусия менен Украина 9-11-майда элдеше турганын билдирди
АКШ президенти Дональд Трамп Орусия менен Украина ортосунда 9-11-май күндөрү үч күндүк ок атышууну токтотуу келишими жарыяланганын билдирди. Бул тууралуу ал Truth социалдык тармактагы баракчасына жазган.
"Орусия менен Украина ортосундагы согушта 9, 10 жана 11-май күндөрү үч күндүк ок атышууну токтотуу жарыяланганын кубануу менен билдирем. Бул кадам Орусиядагы Жеңиш күнү майрамына байланыштуу. Ошондой эле Украинага да тиешелүү, Экинчи дүйнөлүк согушта алар да маанилүү роль ойногон.
Бул убактылуу келишим бардык аскердик аракеттерди токтотууну, ошондой эле эки тараптан тең 1000ден аскер туткунун алмашууну камтыйт. Бул өтүнүчтү мен жеке өзүм сунуштадым жана анын кабыл алынганы үчүн президент Владимир Путинге жана президент Владимир Зеленскийге терең ыраазычылык билдирем", - деп жазган ал.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















