Бишкектик дзюдочулар Казакстанда ийгилик жаратышты
Казакстандын Алматы шаарында өткөн эл аралык BERIK CUP турниринде кыргызстандык дзюдочулар байгелүү орундарды алышты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы кабарлады.
Маалымдалгандай, спортчулар Бишкек шаарындагы "Дельфин" Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары. Турнирге Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандын ар түрдүү курактагы 400гө жакын спортчусу катышкан.
Жыйынтыгында Салман Юспеков 55 килограмм салмакта 1-орунду, Алтай Болотбеков 55 килограммда 2-орунду, Амир Алмасов 38 клограммда 2-орунду багындырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















