super.kg logo

Дуа Липа Samsung компаниясын 15 миллион долларга сотко берди

 

Британиялык атактуу ырчы Дуа Липа Samsung компаниясын анын сүрөтүн уруксатсыз пайдаланган деп айыптап, 15 миллион доллар өндүрүү талабы менен сотко кайрылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

People журналы жазгандай, доо арыз АКШнын Калифорния штатындагы аймактык сотко берилген. Анда Samsung компаниясы ырчынын сүрөтүн АКШ боюнча сатылган сыналгылардын кутуларына колдонгону айтылат.

Доо арызда бул көрүнүш сатып алуучуларда “Дуа Липа бул продукцияны колдойт же компания менен кызматташат” деген жалган түшүнүк жараткандыгы белгиленген.

Ошондой эле сот документтеринде айрым күйөрмандар социалдык тармактарда ырчынын сүрөтүн көргөндөн кийин сыналгы сатып алууну чечкенин жазышкан.

“Грэмми” сыйлыгынын ээси келтирилген чыгымды өндүрүп берүүнү жана сүрөтү түшүрүлгөн сыналгылардын сатылышынан түшкөн кирешени төлөтүүнү талап кылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: