Нидерландда хантавирустан улам 12 медкызматкер карантинге алынды
Нидерландда 12 медицина кызматкери хантавирус жуктурган бейтапты дарылоодогу процедуралык каталардан улам алты жумалык карантинге алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Бейтап MV Hondius круиздик кемесинде саякаттан кийин Ниймеген шаарындагы клиникага жаткырылган. Ал ооруканага жаткырылганда андан кан анализи алынып, үлгү кадимки лабораториялык стандарттар боюнча иштетилген.
Бирок ал жерде вирустун өзгөчөлүгүнө байланыштуу өзгөчө коопсуздуктун чаралары талап кылынган. Кийинчерээк биоматериалдарды утилдештирүүдө да жаңыланган эл аралык талаптар эске алынбаганы белгилүү болгон.
"Мындан улам 12 кызматкер алдын алуу чарасы катары алты жумага профилактикалык карантинге киргизилди",- деп айтылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















