super.kg logo

Трамп 8 жылдан кийин Кытайга расмий сапар менен барды

 

АКШнын президенти Дональд Трамп сегиз жылдан ашуун убакыттан кийинки алгачкы расмий сапары менен Кытайга барды. Үч күнгө созула турган иш сапар Пекин шаарында өтүүдө.

Маалыматка ылайык, Трамп Кытайга өлкө лидери Си Цзиньпиндин чакыруусу менен келди. Америкалык делегациянын курамына жогорку даражалуу саясий кеңешчилер жана АКШнын ири компанияларынын ондон ашуун жетекчилери кирди.

Сапарда Трампты мамлекеттик катчы Марко Рубио, коргоо министри Пит Хегсет, соода өкүлү Жеймисон Грир жана коргоо министринин орун басары Стивен Миллер коштоп жүрөт.

Чет элдик басылсалар жазгандай, сүйлөшүүлөрдүн негизги темаларынын бири – Кытайга болжол менен 500 даана Boeing 737 MAX учагын жеткирүү боюнча мүмкүн болгон келишим. Ошондой эле АКШдан көмүр, мунай жана газ экспортун көбөйтүү маселеси талкууланат.

Мындан тышкары Трамп Кытай рыногун америкалык компаниялар үчүн көбүрөөк ачууга чакырарын билдирген. Трамп менен Си Цзиньпиндин жолугушуусу 14-15-май күндөрүнө пландалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: