super.kg logo

АКШ Ормуз кысыгынан блокада шартында 15 гуманитардык кеме өткөргөн

 

АКШнын Борбордук командачылыгы чет элдик басылмаларга (CENTCOM) билдиргендей, Иранга карата жүргүзүлүп жаткан деңиз блокадасынын алкагында бир ай ичинде жалпы 15 коммерциялык кеме гуманитардык жүктөр менен өтүүгө уруксат алган.

Маалыматка ылайык, Х социалдык тармагындагы билдирүүгө ылайык, АКШ күчтөрү ушул аралыкта 67 коммерциялык кемени башка багытка жөнөткөн, 15 кемеге гуманитардык жардам жеткирүү максатында өтүүгө уруксат берген жана блокада талаптарын аткаруу үчүн 4 кемени иштен чыгарган. Бирок кайсы кемелер жана кандай гуманитардык жардам тууралуу сөз болуп жатканы так айтылган жок.

Белгилесек, АКШ менен Израил 28-февралда Ирандагы объектилерге соккуларды баштаган, натыйжада 3 миңден ашуун адам каза болгону айтылган. 8-апрелде Вашингтон менен Тегеран ок атышууну токтотконун жарыялашкан. Кийин Исламабадда өткөн сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз аяктаган. Бирок расмий түрдө согуш аракеттери кайра башталганы тууралуу билдирүү болгон эмес. Ошентсе да АКШ Ирандын портторуна карата деңиз блокадасын улантып жатканы маалымдалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: