super.kg logo

Салтанат Нукенованын өлүмү боюнча иште соттолгон Бахытжан Байжановдун өкүмү өзгөрүүсүз калды

 

Казакстандын Кассациялык соту Салтанат Нукенованын өлүмү боюнча иште соттолгон Бахытжан Байжановдун апелляциялык даттануусун карап, мурда чыгарылган өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.

Соттун маалыматына ылайык, коргоочу тараптын даттануусу канааттандырылган жок. Иш материалдарында Байжанов кылмыш жасалгандан кийин аны жашырууга аракет кылганы айтылат. Тактап айтканда, ресторанга укук коргоо органдарынын кирүүсүнө тоскоолдук кылган, видеокамера жазууларын өчүргөн жана башка далилдерди жок кылууга аракет кылган деген тыянактар көрсөтүлгөн.

Сот ошондой эле дайындалган жаза кылмыштын оордугуна жана коомдук коркунучка дал келерин белгилеп, шарттуу жаза же эркинен ажыратпоо тууралуу өтүнүчтөрдү негизсиз деп тапты.

Эскерте кетсек, 2024-жылы Байжанов өзгөчө оор кылмышты жашырган деп табылып, 4 жылга кесилген. 2025-жылы сот жарым-жартылай амнистия менен анын жаза мөөнөтүн кыскарткан. Жаңыланган эсеп боюнча, ал 2026-жылдын ноябрь айында эркиндикке чыгышы мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: