Илон Маск Кытайга болгон сапарды “керемет” деп баалады
Америкалык миллиардер, Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск АКШнын президенти Дональд Трамп баштаган делегациянын Кытайга болгон сапарын “керемет” деп атады.
Маск бул тууралуу чет элдик журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирген. Андан соң ал Пекиндеги Эл өкүлдөр жыйыны үйүндө Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цянг менен америкалык ишкерлердин жолугушуусуна катышууга жөнөп кеткен.
Трамп Пекинге үч күндүк расмий сапар менен барып, Кытай лидери Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Делегациянын курамында Tesla жана SpaceX'тин жетекчиси Илон Маск, Apple компаниясынын башчысы Тим Кук, Boeing компаниясынын президенти Келли Ортберг, Goldman Sachs банкынын жетекчиси Дэвид Соломон жана Nvidia компаниясынын башчысы Женсон Хуанг бар.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















