Вашингтондо Израил менен Ливандын жаңы сүйлөшүүлөрү башталды
Израил менен Ливандын өкүлдөрү Вашингтондо АКШнын ортомчулугу астында өтүүчү сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасын баштады. Бул тууралуу "Ynet" басылмасы израилдик булактарына таянуу менен жазды.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, жолугушуу Мамлекеттик департаменттин имаратында өтүүдө.
"Reuters" жазгандай, бүгүн Вашингтондогу сүйлөшүүлөрдө Ливан Израил менен ок атышууну токтотууга ниеттенүүдө.
Белгиленгендей, Ливан менен Израилдин өкүлдөрү 2-мартта согуштук аракеттер кайра жандангандан бери 3-жолу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















