Си Цзиньпин күздө АКШга расмий сапар менен барат
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин быйыл күзүндө АКШга мамлекеттик сапар менен барат. Бул туурасында Кытайдын тышкы иштер министри Ван И билдиргенин эл аралык басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, расмий сапар АКШ президенти Дональд Трамптын чакыруусу менен ишке ашууда.
"Президент Трамптын чакыруусу менен президент Си Цзиньпин быйыл күзүндө АКШга мамлекеттик сапар менен барат", - деген Ван И.
Белгилей кетсек, АКШ лидери Дональд Трамп 12-15-май күндөрү Пекинге расмий сапар менен келип кеткен.
ТИМ башчысынын айтымында, тараптар Кытай менен АКШнын ортосундагы конструктивдүү жана стратегиялык туруктуу мамилелердин жаңы форматы боюнча макулдашкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















