super.kg logo

ДСУ Конго менен Угандадагы эбола эпидемиясына байланыштуу эл аралык өзгөчө кырдаал жарыялады

 

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Конго Демократиялык Республикасында жана Угандада чыккан эбола эпидемиясынан улам коомдук саламаттык сактоо боюнча эл аралык өзгөчө кырдаал жарыялады.

Уюм өз билдирүүсүндө кырдаал азырынча пандемиянын критерийлерине жооп бербей турганын, бирок эл аралык саламаттык сактоо үчүн олуттуу коркунуч жаратып, өлкөлөрдүн ортосунда координацияны талап кыларын белгиледи.

ДСУнун маалыматына ылайык, 16-майга карата Конгонун чыгышындагы Итури провинциясында оорунун лабораториялык жактан тастыкталган сегиз учуру, 246 шектүү учур жана болжол менен 80 өлүм катталган. Илдет кеминде үч медициналык аймакта — Буниа, Рвампара жана Монгбвалуда аныкталган.

Мындан тышкары 15-16-май күндөрү Уганданын борбору Кампала шаарында Конгодон келген адамдардан эки адамга оору жукканы тастыкталган. Ооругандардын бири каза болгон.

Дагы бир тастыкталган учур Конгонун борбору Киншаса шаарында Итуриден кайтып келген адамдан аныкталган.

Уюм Конго менен Угандага эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүүнү сунуштап, кошуна өлкөлөрдү чек арадагы көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: