АКШ менен Иран бири-бирине жаңы талаптарды койду

АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасынын алдында тараптар бири-бирине бир катар шарттарды коюшту. Бул тууралуу Ирандын маалымат агенттиктери кабарлады.
Маалыматка ылайык, Тегеран тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантуу үчүн беш талап койгон. Ага жооп катары Вашингтон дагы өзүнүн беш шартын сунуштаган.
АКШ тарабынан коюлган талаптар төмөнкүлөр:
— кандай гана болбосун компенсация же репарация төлөөдөн баш тартуу;
— Ирандагы 400 килограмм уранды АКШга өткөрүп берүү;
— Ирандагы өзөктүк объектилердин бир гана комплексинин иштөөсүнө уруксат берүү;
— тоңдурулган ирандык активдердин 25 пайызынын да бошотулушун четке кагуу;
— бардык фронттордогу согуш аракеттерин токтотууну сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө байланыштыруу.
Маалыматта айтылгандай, Тегеран бул шарттардын баарын кабыл алган күндө дагы, Иранга каршы агрессия кайра жанданышы мүмкүн деген коркунуч сакталат.
Буга чейин Иран дагы сүйлөшүүлөрдү кайра жандандыруу үчүн өз талаптарын жарыялаган. Алардын катарына:
— бардык фронттордо, өзгөчө Ливандагы согуш аракеттерин токтотуу;
— Иранга каршы санкцияларды алып салуу;
— тоңдурулган ирандык каражаттарды бошотуу;
— согуштан келтирилген чыгымды компенсациялоо;
— Ормуз кысыгындагы Ирандын суверендүүлүк укугун таануу кирген.
Иран тарап бул талаптар сүйлөшүү процессине кайтуу үчүн минималдуу ишеним жаратуу максатында сунушталганын билдирген. Ошондой эле Тегеран бул пункттар иш жүзүндө аткарылмайынча жаңы сүйлөшүүлөрдү баштоо мүмкүн эмес деп эсептей турганын айткан.
Май айынын башында Иран АКШга 14 пункттан турган тынчтык планын жөнөткөн. Анда согуш аракеттерин токтотуу, кол салбоо кепилдиктери, деңиз блокадасын алып салуу, активдерди бошотуу жана америкалык аскерлерди чыгарып кетүү талаптары камтылган.
АКШ президенти Дональд Трамп болсо Ирандын сунуштарын "кабыл алынгыс" деп атаган. Ал эми Тегеран “АКШ президентинин реакциясы алар үчүн мааниге ээ эмес” деп жооп берген.
Маалыматтарга караганда, негизги пикир келишпестик Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу болууда. Вашингтон өзөктүк инфраструктура жана уран запастары боюнча милдеттенмелер алдын ала так белгиленишин талап кылса, Тегеран бул маселени өзүнчө 30 күндүк сүйлөшүүлөрдө кароону сунуштоодо.
Учурда тараптардын ортосунда апрель айынын башында түзүлүп, кийин мөөнөтсүз узартылган убактылуу элдешүү күчүндө. Бирок буга карабастан, май айынын башында эки тарап кайрадан сокку алмашканы маалым болду.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















