Москвага 17-майда ири дрон чабуулу жасалды (видео)
Кечээ, 17-майга караган түнү Москва жана Москва облусу Украина тараптан жасалган эң ири дрон чабуулдарынын бирине кабылды.
Орусиянын бийлиги билдиргендей, чабуулдан үч адам каза болуп, ондон ашуун киши жаракат алды. Дрондордун соккусунан бир нече жерде өрт чыккан. Алардын арасында "Шереметьево" аэропорту да бар.
Чабуул маалында турак үйлөр, мунай объектилери жана өнөр жай жайлары жабыркаганы маалымдалды. Зеленограддагы “Элма” технопаркына жана Москвадагы мунай иштетүүчү заводго да сокку урулган. Интернет желесинде чабуул маалындагы жана анын кесепеттери тартылган видеолор тарады.
Украина лидери Владимир Зеленский бул чабуулдар Орусиянын Украинадагы согушун узартып жатканына жооп экенин билдирди. Анын айтымында, Украин учкучсуз учуучу аппараттары Москва облусуна чейин жеткен.
Кийинчерээк Украинанын Коопсуздук кызматы Москва облусундагы бир катар аскердик жана мунай объектилерине сокку урулганын ырастады.
Москвага 17-майга ири дрон чабуулу жасалды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















