Кытайдын түштүгүндө жер титирөөдөн эки адам каза болду (видео)
Кытайдын түштүгүндөгү Лючжоу шаарында күчү 5,2 баллга жеткен жер титирөө болуп, эки адам каза тапты. Бул тууралуу кытайлык маалымат каражаттары билдирди.
Маалым болгондой, жер силкинүүдөн 13 имарат урап, 7 миңден ашуун тургун коопсуз жайларга эвакуацияланды. Жер титирөө 18-майга караган түнү катталып, очогу 8 чакырым тереңдикте жайгашканы маалымдалды.
"Алгач 63 жаштагы эркек киши жана анын 53 жаштагы жубайы каза болгону аныкталды. Ал эми 91 жаштагы карыя урандылардын алдынан тирүү куткарылып, ооруканага жеткирилди. Дагы төрт адам жаракат алып, дарыгерлер алардын абалы туруктуу экенин билдиришти. Кырсык болгон аймакка жүздөгөн куткаруучулар жана атайын техникалар жөнөтүлүп, урандыларды тазалоо иштери уланууда", - деп белгиленди маалыматта.
Кытайдын түштүгүндө жер титирөөдөн эки адам каза болду
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















