"Алар акылынан айнышканбы?" Трамп Иран келишим түзүүгө өтө кызыкдар экенин айтты
АКШнын президенти Дональд Трамп Тегеран Вашингтон менен келишим түзүүгө абдан кызыкдар экенин, бирок алар сунуштаган талаптар АКШ бийлигин канааттандырбай жатканын айтты. Бул тууралуу Трамп Fortune журналына берген маегинде билдирген.
Анда ал Иран бийлиги тынчтыкка жетүүгө сунуш берип, бирок башка мазмундагы документтерди жөнөтүп жатышканын белгилеген.
"Бир нерсени так айта алам, алар келишим түзүүнү аябай каалап жатышат. Бирок сунуш берип, андан кийин келишимге эч тиешеси жок документтерди жөнөтүп жатышат. Алар эмне акылынан айнышканбы?" - деген АКШнын лидери.
Белгилей кетсек, учурда АКШ менен Иран ортосунда абал туруксуз бойдон калууда. Тараптар бири-бирине бир катар жаңы шарттарды коюшту.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















