Конгодо эбола вирусунан 90дон ашуун адам каза болду
Эбола вирусунун жайылышынан Конго Демократиялык Республикасында 91 адам каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри маалымдаганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Расмий маалымат боюнча, учурда 350гө жакын адамдан вирус аныкталып, 59 бейтап дарыланууда. Бийлик кошумча дарылоо борборлорун ачууга даярдык көрүп жатат. Оорунун очогу өлкөнүн Уганда менен чектеш Итури аймагында катталган.
Адистердин айтымында, эбола адамдын ички органдарына зыян келтирип, ички жана тышкы кан кетүүгө алып келет. Өз убагында дарыланбаса, өлүм көрсөткүчү өтө жогору болот.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөгө эбола вирусунун кирүү коркунучу төмөн экенин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















