super.kg logo

Өзү сүзүп алган... Казакстанда жол кырсыгында полиция кызматкеринин жубайы каза болду

 

Казакстандын Алматы облусуна караштуу Балкаш районунда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 16-май күнү Капшагай–Баканас унаа жолунда 38 жаштагы аялды унаа сүзүп кеткен. Аталган маалыматтарда рулда маркумдун күйөөсү, райондук полиция бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болгону айтылууда. Ошондой эле кырсык кызматтык унаа менен болгондугу кабарланган.

Алматы облусунун полиция департаменти аялдын каза болгонун тастыктап, окуя боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, кылмышка шектүү катары 37 жаштагы эркек кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

“Окуянын кесепетинен аял алган жаракаттарынан улам жеринде каза болгон. Учурда болгон жагдайдын бардык себептерин тактоо боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Иликтөөнүн жүрүшү облустук полиция жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө”, — деп билдиришкен мекеменин басма сөз кызматынан.

Полиция өкүлдөрү кармалган адамдын укук коргоо кызматкери экенин тактаган да, төгүндөгөн да эмес. Ошондой эле тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн башка маалыматтар азырынча ачыкталбай турганы айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: