Дональд Трамп Иранга каршы жаңы чабуулга барышы мүмкүн экендиги айтылды
АКШнын президенти Дональд Трамп жакын арада Иран тынчтык сүйлөшүүлөрүндө жеңилдиктерге барбаса, АКШ менен Ирандын ортосундагы жаңжалды кайра күчөтүшү мүмкүн. Бул тууралуу жогорку даражалуу булактарга таянып Al Jazeera жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Трамптын чыдамы тынчтык жараянында жылыш болбогондуктан түгөнүп бара жатат. Булактардын айтымында, Иранда кырдаалды алдыга жылдыра турган сунуш берүү үчүн “апталар эмес, саналуу күндөр” гана калган.
Буга чейин Иран Ормуз кысыгындагы кеме каттамын көзөмөлдөө үчүн атайын орган түзгөнү белгилүү болгон. 28-февралда АКШ менен Израил Иранга сокку урган. Буга жооп катары иран тарап Ормуз кысыгын жаап, Жакынкы Чыгыштагы ондон ашык өлкө үчүн маанилүү соода жолу болгон негизги деңиз артериясын убактылуу бөгөттөгөн.
13-апрелде Дональд Трамп АКШ менен Ирандын тынчтык сүйлөшүүлөрү ийгиликсиз аяктагандан кийин Ирандын Ормуз кысыгындагы портторун блокадага алуу башталганын жарыялаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















