Ирандын жогорку лидеринин абалы жакшырып жатканы айтылды
Ирандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөнүн жогорку лидери Можтаба Хаменейдин абалы тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Ирандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Хосейн Керманпур март айында АКШ жана Израилдин бомбалоосуна кабылган Можтаба Хаменейдин жаракаттары анын жүзүн же сырткы келбетин өзгөрткөн деңгээлде болбогонун билдирди.
“Жогорку лидердин алган жаракаттары анын жүзүн же жалпы көрүнүшүн майып кыла тургандай оор болгон эмес”, - деген анын сөзүн IRNA мамлекеттик агенттиги жарыялады.
Ошондой эле Керманпур жаракаттар дене мүчөлөрүнүн ампутациясына же майыптыкка алып келбегенин кошумчалады.
Буга чейин Ирандын жогорку лидери кеңсесинин протокол кызматынын жетекчиси Мазахер Хосейни Можтаба Хаменейдин абалы жакшырып жатканын билдирген. Анын айтымында, Хаменейдин жон жагы, тизеси жабыркап, кулагынын арт жагында айрылган жараат болгон.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















