super.kg logo

Вашингтон Кубага каршы санкцияларды күчөттү

 

АКШ Кубага каршы күч колдонуу мүмкүнчүлүгүн четке какпай турганын Semafor басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Кубага карата аскерий чараны эң акыркы кадам катары карап жатат. Эгер экономикалык жана дипломатиялык басым жыйынтык бербесе, күч колдонуу варианты каралышы мүмкүн экени айтылат.

Semafor басылмасынын жазышынча, учурда Вашингтон Кубага карата санкцияларды күчөтүп, блокаданы кеңейтүүдө. Мунун кесепетинен өлкөдө мунай жана дизелдик отун тартыштыгы жаралганы белгиленет. АКШнын негизги максаты — Куба бийлигин сүйлөшүүгө мажбурлоо.

Куба маселеси боюнча Ак үй менен байланышта болгон республикачы сенатор Рик Скотт “аскер колдонууга муктаждык болбойт деп ойлойм” деп билдирген. Ошол эле учурда ал эч бир вариант толугу менен четке кагылбашы керектигин кошумчалаган.

Ал эми Ак үйдүн өкүлдөрүнүн бири Куба АКШнын “терроризмди колдогон мамлекеттер” тизмесинде кала берип жатканын эске салып, Вашингтон катуу чараларды көрүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: