Путин Си Цзиньпинди келерки жылы Орусияга келүүгө чакырды
Орусиянын президенти Владимир Путин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушууда аны келерки жылы Орусияга келип кетүүгө чакырды. Бул тууралуу 20-майда "Известия" басылмасы жазды.
Путин анда эл аралык аренадагы курч кырдаалды эске алуу менен Москва менен Пекиндин тыгыз мамилеси өзгөчө зарылдыгын кошумчалады.
Орусия президенти ошондой эле ноябрда Шэньчжэнь шаарында өтө турган Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгы саммитине катышууга даяр экенин ырастады.
Белгилей кетсек, Путин 20-майда Пекинге мамлекеттик сапар менен барды. Учурда эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусу өтүүдө. Анда эки өлкөнүн кызматташтыгы, эл аралык жана аймактык маселелер талкууланууда. Ошондой эле "Сибирдин күчү-2" долбоору боюнча да сүйлөшүүлөр болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















