super.kg logo

АКШ грин-карта лотереясы боюнча жаңы эрежелерди жарыялады

 

АКШнын Жарандык жана иммиграция кызматы (USCIS) грин-карта алуу процессин кыйла татаалдаштырган жаңы эрежелерди жарыялады.

Билдирүүдө айтылгандай, эми АКШда убактылуу виза менен жүргөн чет өлкөлүктөр грин-картага документтерди өз өлкөсүндөгү элчилик же консулдук аркылуу гана тапшыра алышат. Бул үчүн алар АКШдан чыгып кетүүгө милдеттүү болот. Буга чейин убактылуу визанын ээлеринин көбү өлкөдөн чыкпай эле грин-картага арыз берип, макамын өзгөртө алышчу.

Мекеме белгилегендей, АКШга кыска мөөнөткө келген студенттер, убактылуу жумушчулар же туристтер өздөрүнүн сапарын грин карта алуу процессиндеги биринчи кадам катары карабашы керек.

Бул чара аркылуу АКШ бийлиги мыйзамсыз миграцияны мындан ары да чектөөнү көздөйт.

Белгилей кетсек, апрель айынын аягында АКШ бийлиги мигранттардын айрым категорияларынын грин-карта жана жарандык алуу боюнча арыздарын текшерүүнү да күчөткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: