Иран: Трамптын коркутууларына жооп берүүнүн зарылчылыгы жок
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Исмаил Багаи АКШнын президенти Дональд Трамптын социалдык тармактар аркылуу жарыялаган коркутууларына жооп кайтаруунун зарылдыгы жок экенин билдирди.
Анын айтымында, Тегеран социалдык тармактардагы билдирүүлөргө эмес, өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоого көңүл бурат.
"Бизде мындан да маанилүү иштер бар. Эгер социалдык тармактарда жарыяланган постторго жана сүрөттөргө жооп берип отурсак, негизги жыйынтыктарга жете албайбыз. Биз улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүүгө жана коргоого басым жасап жатабыз",- деген Ирандын ТИМ өкүлү Исмаил Багаи журналисттерге берген маегинде.
Белгилүү болгондой, Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу Иранга карата коркутуу мүнөзүндөгү билдирүүлөрдү байма-бай жарыялап келет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















