super.kg logo

Испанияда хантавирустан жабыркаган экинчи адам аныкталды

 

Чет элдик басылмалар Испанияда хантавирусту жуктуруп алган экинчи адам аныкталганын жазышты.

Маалым болгондой, Мадрид шаарындагы ооруканада карантинде жаткан бейтаптардын бири хантавируска тапшырган тесттен оң жыйынтык чыккан. Бул MV Hondius круиздик лайнеринде болгон 14 испаниялык жарандардын арасындагы экинчи бейтап.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бейтап ооруну белгилери жок өткөрүүдө. Ал өзгөчө коргоо деңгээлиндеги изоляторго которулуп, дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө болууда.

Эске салсак, апрель айында MV Hondius кемесинин бортунда хантавирус тараган. Андан нидерланддык жубайлар жана Германиянын 1 жараны каза тапкан. Жалпысынан кемеде 147 адам болгон. Алар эвакуациялангандан кийин дагы деле карантинде кармалып турушат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: