super.kg logo

Допингчилердин Олимпиадасы: Жыйынтыгы шылдыңга тете болду

 

Катышуучуларга допинг колдонууга уруксат берилген биринчи Enhanced Games мелдеши АКШнын Лас-Вегас шаарында болуп өттү.

Турнирге катышкан 42 спортчунун көпчүлүгү көрсөткүчтөрдү жогорулатуучу дарыларды (допинг) колдонушкан. Бул мелдеште бир топ дүйнөлүк рекорддор жаңыртылат деп божомолдонгон.

Акырында бир гана рекорд жаңыртылган. 2024-жылдагы Европа чемпиону, грек суучулу Кристиан Голомеев 50 метрлик эркин стилде сүзүүнү 20,81 секундда сүзүп, март айында австралиялык спортчу койгон 20,88 секунддук көрсөткүчтөн ашып түшкөн. Бирок ал расмий мелдештерде колдонууга тыюу салынган костюм кийип сүзгөн. Голомеевдин убактысы расмий спорт уюмдары тарабынан таанылбайт.

Голомеев жеңишке жеткени үчүн 250 миң доллар жана расмий эмес дүйнөлүк рекорд койгону үчүн 1 миллион доллар бонус алат.

Ал эми Усейн Болттун рекордун "жаңыртам" деп убада берген Фред Керли Олимпиада финалындагы акыркы орундун көрсөткүчүн көрсөткөн.

Эң кызыгы турнирдеги бир нече мелдештерде допинг колдонбогон спортчулар жеңишке жетишишкен. Шоудон кийин башкы демөөрчүнүн акциялары 41 пайызга кескин төмөндөгөн.






Допингчилердин Олимпиадасы: Жыйынтыгы шылдың кылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: