Депутат шайлоодо таанышы көптөр теңсиздик жаратышарын айтты
Бүгүн, 28-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медер Чотонов шайлоодо үгүт материалдарын санарип форматка өткөрүүнү сунуштады.
Эл өкүлү ушундай жол менен талапкерлер арасындагы теңсиздикти жоюуга болот деп эсептейт.
"Таанышы көп инсандардын баннерлери бүт маанилүү имараттарга илинип калат. Ал эми таанышы жоктордун баннерлери илинбей калат",- деди Чотонов.
Депутат шайлоо бүкөндөн кийин баннер, буклеттер таштандыга айланарын айтып, электрондук формат муну алдын алуунун жакшы жолу экенин кошумчалады.
Депутат шайлоодо таанышы көптөр теңсиздик жаратышарын айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















