super.kg logo

АКШ жана Израил Иранга каршы “жумшак согушка” өттү

 

Иран президенти Масуд Пезешкиан Тегерандын Соода-өнөр жай палатасы менен болгон жолугушууда жеке секторду чыңдоо өлкөнүн экономикалык кубатын арттырып, улуттук туруктуулукту бекемдей турганын билдирди. Бул тууралуу Tasnim News Agency маалымдады.

Президенттин айтымында, аскердик майданда максатына жете албаган күчтөр эми Ирандын экономикалык туруктуулугун алсыратууга аракет кылып жатат.

Ошондой эле Ирандын Чалгын министрлиги АКШ менен Израил “жумшак согуш”, “когнитивдик согуш” жана “гибриддик согуш” ыкмалары аркылуу өлкөдөгү коомдук абалды туруксуздаштырууну көздөп жатканын билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, баалардын өсүшүн коомдук чыңалууну күчөтүү үчүн пайдалануу, этникалык жана диний топтордун ортосуна жик салуу, ошондой эле өлкөнүн түштүк-чыгыш аймактарында террордук аракеттерди уюштуруу аракеттери болушу мүмкүн.

Мындан тышкары билдирүүдө курал-жарак, ок-дары жана Starlink сыяктуу байланыш каражаттарын мыйзамсыз алып кирүү пландары тууралуу да айтылган.

Иран тарап BBC Persian, Voice of America жана Iran International сыяктуу медиаларды социалдык тармактар аркылуу жалган маалымат таратууга жана чагымчыл аракеттерге пайдаланылып жатат деп айыптады.

Чалгын министрлиги мындай аракеттерге каршы зарыл чаралар көрүлүп жатканын белгилеп, иран элинин биримдиги бардык коркунучтарга каршы турарын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: