Кытай бийлиги жасалма интеллектти видеокөзөмөл системасына киргизүүдө
Кытай бийлиги шектүү аракеттерди жана мүмкүн болгон коркунучтарды ыкчам аныктоо үчүн жасалма интеллектти видеокөзөмөл тармагына киргизип жатат. Бул тууралуу Financial Times басылмасы жазды.
Учурда Кытай дүйнөдөгү эң ири байкоо системаларынын бирине ээ. Эми бийлик реалдуу убакыт режиминде видеолорду талдай алган жаңы программалык камсыздоону ишке киргизүүнү пландоодо.
Жаңы технологиялар тексттик суроо аркылуу видео бөлүктөрүн издөөгө, адаттан тыш аракеттерди аныктоого жана полициянын окуяларга тезирээк жооп кайтаруусуна жардам берет.
Жабдууларды иштеп чыгууга жана жеткирүүгө Hikvision жана Huawei сыяктуу ири кытайлык компаниялар катышууда.
Адистердин айтымында, бул кадам «алдын ала коркунучтарды аныктоочу» полиция моделине өтүүнү билдирет. Ошол эле учурда укук коргоочулар мындай системалар жарандарды көзөмөлдөөнү күчөтүп, байкоону мурдагыдан да масштабдуу кылышы мүмкүн экенин эскертишүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















