Иран уранын эч кимге өткөрүү ниети жок экенин билдирди
Иран бийлиги байытылган уранын чет өлкөгө чыгаруу ниети жок экенин билдирди. Бул тууралуу Иран парламентинин Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комитетинин башчысы Эбрахим Азизи билдирген.
Анда ал Иран байытылган уранын үчүнчү өлкөлөргө да, ортомчуларга да өткөрүп берүүнү көздөбөй турганын белгилеген.
"Бизде байытылган уранды өлкөдөн сыртка чыгаруу боюнча эч кандай план жок. Чынын айтсам, мындай суроолор кайсы түшүнүктөн улам пайда болуп жатканын да түшүнбөйм",- деген Азизи.
Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Иранда байытылган уран АКШга өткөрүлүүгө же эл аралык көзөмөл астында жок кылынууга тийиш экенин билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















