Франция Израилдин эл аралык аскердик көргөзмөгө катышуусун чектеди
Франция өкмөтү Израилдин аскердик өнөр жай жана коопсуздук технологиялары боюнча эл аралык Eurosatory көргөзмөсүнө катышуусуна чектөө киргизди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Франция Израилдин мамлекеттик өкүлдөрүнө көргөзмөгө катышууга жана улуттук павильон ачууга уруксат берген жок. Ошондой эле израилдик коргонуу компаниялары абадан жана ракетага каршы коргонуу системдерин гана көрсөтө алышат. Ал эми чабуул коюучу курал-жарактарды көргөзмөгө коюуга толук тыюу салынган.
Көргөзмөнү уюштурган COGES Events компаниясынын президенти Шарль Бодуэн бул чечим Франция өкмөтү тарабынан кабыл алынганын белгиледи. Анын айтымында, көргөзмөдө чабуул коюучу куралдардын көрсөтүлүшүнө жол берилбейт.
Өз кезегинде Израилдин Коргоо министрлиги Франциянын чечимине нааразылык билдирип, аны "уят чечим" деп атады. Министрлик бул кадам саясий жана коммерциялык кызыкчылыктар менен байланыштуу болушу мүмкүн экенин билдирди.
Eurosatory көргөзмөсү 15-19-июнь күндөрү Парижде өтөт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















