super.kg logo

Жакынкы Чыгыштагы кырдаалда АКШнын 20 аскердик базасы зыянга учураган

 

АКШнын Иранга аскердик операциясы башталгандан бери Жакынкы Чыгыштагы америкалык 20 аскердик базага жана объекттерге олуттуу зыян келтирилген. Бул тууралуу ВВС жазган.

Талдоолорго ылайык, февралдын аягынан бери Иран аймактагы сегиз өлкөдөгү негизги аскердик объектилерге сокку урган. Алардын катарына Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Кувейт, Ирак, Иордания, Бахрейн жана Оман кирет.

BBC билдиргендей, мында заманбап абадан коргонуу системдерине, радарларга, космостук байланыш тутумдарына жана курал-жарак кампаларына олуттуу зыян келтирилген.

Мисалы, зыянга учураган кымбат аскердик техникалардын арасында БАЭдеги Аль-Рувайс жана Аль-Садер авиабазаларындагы, ошондой эле Иорданиядагы Муваффак-Салти авиабазасындагы үч заманбап THAAD ракетадан коргонуу системи болгон.

АКШнын дүйнө жүзүндөгү аскердик базаларында жайгаштырылган жалпысынан сегиз гана THAAD системи бар. Ар биринин баасы болжол менен 1 миллиард долларды түзөт.

Америкалык объекттерге келтирилген зыяндын көлөмүн так баалоо кыйын. Пентагон операциянын жалпы чыгымын 29 миллиард доллар деп баалаган. Бирок эксперттер бул көрсөткүч өтө эле төмөндөтүлүп көрсөтүлгөнүн жана негизинен жаңжалда колдонулган куралдарды алмаштыруу жана оңдоо чыгымдарын гана камтый турганын айтышат.

Айрым серепчилер жабыркаган аскердик базалар менен объекттердин саны 28ге чейин жеткенин болжолдошууда.

АКШнын Коргоо министрлиги бул боюнча расмий маалымат берген эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: