super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Кесиптердин актуалдуулугуна карата изилдөө жүргүзүү керек"

 

Жогорку Кеңештин депутаты Болот Сагынаев учурда жасалма интеллект көптөгөн тармактарга өзгөртүүлөрдү киргизип жатканын белгилеп, кесиптердин актуалдуулугуна карата изилдөө зарылдыгын белгиледи.

"Мектеп программаларына жасалма интеллект боюнча башталгыч билимдерди жана санариптик сабаттуулук боюнча сабак киргизүү маселесин кароо зарыл. Бул жерде сөз бардык балдарды программист кылуу жөнүндө эмес. Сөз технологияны түшүнүү, аны жоопкерчиликтүү колдонуу, сынчыл ой жүгүртүү жана жаңы шарттарга ыңгайлаша билүү жөнүндө болуп жатат",- деди депутат.

Ошондой эле учурдагы кесиптердин эмгек рыногуна канчалык жооп бере турганын жана актуалдуулугун изилдөө үчүн Илим министрлигине жана Улуттук илимдер академиясына тапшырма берүү керектигин билдирди.






Депутат кесиптердин актуалдуулугун изилдөө керек

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: