Түштүк Кореядагы жергиликтүү шайлоолордо добуш берүү активдүү жүрүүдө
Түштүк Кореяда өтүп жаткан жергиликтүү шайлоолордо шайлоочулардын катышуусу жогорку деңгээлге жетти. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00гө карата добуш бергендердин үлүшү 57,4 пайызды түздү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, катталган 44,65 миллион шайлоочунун ичинен 25,62 миллиону өз добушун берди. Бул көрсөткүчкө 29-30-май күндөрү өткөн мөөнөтүнөн мурдагы добуш берүү жана шайлоо тилкелеринен тышкары берилген добуштар да киргизилген.
Мөөнөтүнөн мурдагы добуш берүүдө шайлоочулардын катышуусу рекорддук деңгээлге жетип, 23,51 пайызды түзгөн. Ал эми борбор калаа Сеулдагы айрым шайлоо тилкелеринде добуш берүүгө келген жарандардын узун кезектери байкалууда.
Эксперттер жарандардын жогорку активдүүлүгүн өлкөдөгү саясий процесстерге болгон кызыгуунун өсүшү менен байланыштырышууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















