Болотбек Ашыралиев жаш балбандар менен жолугуп, жыйынтыктарды талкуулады
Бүгүн, 3-июнда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жыйындар залында агенттиктин директорунун орун басары Болотбек Ашыралиев U-17 Азия чемпиондугуна катышкан Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курама командасын кабыл алды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Азия чемпиондугунун жыйынтыктары талкууланып, спортчулардын даярдыгы жана чеберчилиги бааланды. Ошондой эле алдыдагы эл аралык мелдештерге даярдык көрүү жана машыгуу процессин жакшыртуу маселелери каралды.
Эске салсак, Вьетнамдын Дананг шаарында өткөн U-17 Азия чемпиондугунда Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы жалпы 8 медаль утуп алган.
Байге ээлери:
* Алтын: Байэл Нуралиев
* Күмүш: Арсен Шарапов, Сыймык Аскаров, Байэл Жамалидинов
* Коло: Арсен Асанкулов, Умарали Бердалиев, Эдил Нурбеков, Хасан Гасанов
Командалык жыйынтыкта Кыргызстан менен Өзбекстан 161 упайдан топтоп, 2-орунду бөлүштү. Ал эми 190 упай менен Иран курамасы мелдештин жеңүүчүсү болду.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















