Күндө сейрек кездешкен “кара жарылуу” катталды
Бүгүн, 3-июнда Күндө адаттан тыш көрүнүш – “кара жарылуу” байкалганын Орусиянын Илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институтунун Күн астрономиясы лабораториясы билдирди.
Адистердин айтымында, күчтүү жарылуулардын бири Күндүн таажысындагы нейтралдуу суутек булутун чачыратып жиберген. Бул зат Күндүн ысык атмосферасынан чыккан нурларды өткөрбөгөндүктөн, жаркыраган бетинде кара так же “кара жууркан” жабылгандай эффект пайда болгон.
Окумуштуулар мындай көрүнүш нейтралдуу суутек толугу менен иондошконго чейин же Күндүн дискинен чыгып кеткенге чейин сакталарын белгилешти. Бул жолу суутек булуту Күндүн көрүнгөн бөлүгүнөн алыстап кеткен.
Адистер бул сейрек көрүнүштү “вау-эффект” жараткан окуя катары баалап, анын сүрөттөрү жана видеолору коомчулукта чоң кызыгуу жаратканын билдиришти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















