Дүйнө чемпиондугуна миңден ашуун футболчу катышат
2026-жылы АКШ, Канада жана Мексикада өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна 48 өлкөнүн курамынан жалпы 1248 футболчу катышат. Бул тууралуу маалыматты FIFA расмий сайтына жайгаштырды.

Уюмдун билдирүүсүндө жаңы форматтагы турнир дүйнөнүн көбүрөөк өлкөлөрүнө, футболчуларына жана күйөрмандарына мүмкүнчүлүк берери белгиленген.
Турнирге чакырылган 1248 футболчунун 357си буга чейин кеминде бир жолу Дүйнө чемпиондугуна катышкан. Ал эми 891 оюнчу мундиалда алгачкы жолу күч сынашат.
Курамдарда 20 жашка чыга элек 22 футболчу жана 40 жаштан ашкан 7 оюнчу бар. Ошондой эле мурда дүйнө чемпиону болгон 22 футболчу дагы турнирге катышат.
Өзбекстан тарыхта биринчи жолу Дүйнө чемпиондугунда
Кабо-Верде, Кюрасао, Иордания жана Өзбекстан тарыхында биринчи жолу футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алышты.

Гананын башкы машыктыруучусу Карлуш Кейрош Дүйнө чемпиондуктарына бешинчи ирет катары менен катышкан экинчи машыктыруучу болот.
Месси, Роналду жана Очоа рекорд жаңыртууга жакын
Лионель Месси, Криштиану Роналду жана Гильермо Очоа өз карьерасында алтынчы Дүйнө чемпиондугуна катышууга даярданып жатышат.

FIFA'нын эрежесине ылайык, команда өзүнүн алгачкы беттешине 24 саат калганга чейин оор жаракат алган же ооруп калган оюнчуну башка футболчу менен алмаштыра алат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















