super.kg logo

Байконурга чет элдик туристтер үчүн кирүү тартиби жеңилдетилди

 

Казакстандын Туризм жана спорт министрлиги Байконурга барууну каалаган чет элдик туристтер үчүн уруксат алуу мөөнөтү кыйла кыскартылганын билдирди. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Буга чейин алыскы чет өлкөлөрдүн жарандары документтерин 1,5-2 ай мурда тапшырууга мажбур болсо, эми бардык керектүү жол-жоболор 10 күндүн ичинде бүткөрүлөт.

Мындан тышкары Орусия Казакстанга Гагариндин старттык аянтчасын, монтаждык-май куюу комплексин жана динамикалык сыноолор өткөрүлүүчү стендди өткөрүп берди. Бул космодром аймагында окуялык жана туристтик долбоорлорду өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачары белгиленди.

Министрликтин маалыматына ылайык, объектилерди модернизациялоого жана заманбап туристтик инфраструктура түзүүгө кызыкдар болгон инвесторлор үчүн атайын инвестициялык сунуштар даярдалган.

Ошондой эле Байконурда туризмди ракеталарды учуруу күндөрү гана эмес, жыл бою өнүктүрүү пландалууда. Буга чейин космодром аймагында ачык асман алдындагы музей ачылып, анда «Восток», «Протон-М», «Циклон», «Зенит-3 SLБ» жана Н-1 ай ракетасынын макеттери коюлган.

Белгилей кетсек, Байконур шаары жана ушул эле аталыштагы космодром Орусия Федерациясына 2050-жылга чейин ижарага берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: