super.kg logo

Мектеп окуучуларынын тамак-ашына күнүнө 40 сом бөлүнөт

 

Кыргызстанда мектеп окуучуларынын тамактануусун каржылоо көлөмү дээрлик үч эсеге көбөйөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров кол койгон чечимге ылайык, 2027-жылдын 1-январынан тарта 1-4-класстын окуучулары үчүн мектеп тамак-ашына бөлүнүүчү каражат күнүнө 40 сомду түзөт.

Учурда бул максатка бир окуучуга күнүнө 14 сом каралган. Жаңы ченем мектептерде тамак-аштын сапатын жакшыртып, рационго эт, балык, сүт азыктары, ошондой эле жашылча-жемиштерди көбүрөөк кошууга мүмкүнчүлүк берет.

Адистердин айтымында, мындай өзгөрүү окуучулардын тең салмактуу тамактануусун камсыздап, ден соолугун чыңдоого өбөлгө түзөт. Ошондой эле өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы мектептерде тамактанууну уюштуруудагы айырмачылыктарды азайтып, үй-бүлөлөрдүн каржылык чыгымдарын жеңилдетүүгө жардам берет.

Чечимди ишке ашыруу үчүн
Финансы министрлигине 2027-жылдан тартып кошумча бюджеттик каражаттарды кароо тапшырмасы берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.06.2026. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сокулук айылынын 1- мектебинде балдарга деген тамак эң арзан печенье 2 шт, же катып калган пряник 1шт, же курамында ун шекер суу кошулган бир шт булочка, бир класс ичкен стаканга кайра эле жуулбай башка класстын балдарына жылымык чай беришет! Тазалык деген жок, аны жегенден көрө жебегени жакшы. Балдар биздин келечек, өкмөт акча бөлсө жакшынакай тамак беришсин, мөөнөтү өтүп кеткен жогору айтылгандардын!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: