"1 голго 5 миң сом". Акжол Махмудов жаш футболчуга өзгөчө сыйлык убада кылды
Балбан Акжол Махмудов жаш футболчу Батырхан менен жолугуп, анын машыгуусуна күбө болду.
Балбан талаада машыгып жаткан өспүрүм футболчуга өзгөчө мотивация берүүнү чечкен. Ал Батырхан бир оюнда 1 гол киргизсе – 5 миң сом, 2 гол киргизсе – 10 миң сом, ал эми хет-трик жасап, 3 гол киргизсе – 20 миң сом берерин убадалады.
Махмудов бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазып, жаш спортчуга ийгиликтерди каалады.
"Батырхан, келечекте Кыргызстандын атын дүйнөгө тааныткан мыкты футболчулардын бири бол",- деген тилегин билдирди ал.
Акжол Махмудов жаш футболчуга өзгөчө сыйлык убада кылды
Акжол Махмудов жаш футболчуга өзгөчө сыйлык убада кылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:07
2026-08-03
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















